Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Балдарда коронавируска байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кезиге баштады


Баткен облусунун Кадамжай районундагы мектептин балдары.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы мектептин балдары.

Кыргызстанда балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кездешип жатат. Бул тууралуу Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова 2-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун төртүнчү варианты бекитилди. Балдар арасында учурап жаткан илдетти аныктоо жана дарылоо боюнча аракеттер да ошол протоколго киргизилди.

Азыр Кыргызстанда беш балдар ооруканасы коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр:

1. Энени жана баланы коргоонун улуттук борбору (Бишкек);

2. Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы (Бишкек);

3. Ош облус аралык балдар ооруканасы (Ош);

4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы (Ош облусу);

5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек).

Шүкүрова Кыргызстанда бул оору канча баладан табылганын так айткан жок. Аймактык ооруканаларда да балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалганын билдирди.

Организмдин мультисистемалык сезгениши деп аталган бул ооруга чалдыккандар буга чейин Кыргызстанда каттала элек болчу. Алгач Кошмо Штаттарда жана Европада балдар кабылып жаткан белгисиз оорунун COVID-19 илдетине байланышы бар экени айтылган.

Америкалык педиатрлар бул илдеттин белгилери коркунучтуу Кавасаки оорусуна окшош экенин билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG