Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады. Бирок коронавирус пандемиясынан улам «Биринчи коңгуроо» жыйыны уюштурулбай эле сабактар башталат.

Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, 1-класска аттанган окуучулар менчиктин түрүнө карабастан мектепке каттап окуйт. Калган класстардын баары биринчи чейректе онлайн режимде билим алат.

Коронавирус пандемиясынан улам окуучулар 2019-2020-жылынын акыркы чейрегин да аралыктан окуп бүтүрүшкөн.

Коңшу мамлекеттерде, Орусияда жана бир катар өлкөлөрдө балдардын мектепке барып билим алышына тыюу салынган жок. Болгону гигиеналык талаптарга көңүл бурулат.

Кыргызстанда март айынан бери 388 баладан коронавирус лабораториялык жол аркылуу аныкталган.

XS
SM
MD
LG