Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Мугалимдер үчүн онлайн окутуу боюнча вебинар өтүп жатат


Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын бири. Абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясы.
Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын бири. Абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясы.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, вебинарлар мектептердин жана жогорку окуу жайларынын мугалимдерине багытталган.

24-30-август аралыгында уюштурула турган вебинарларда онлайн окутуу программалары жана алардын түрлөрү, өзгөчөлүктөрү, функциялары тууралуу маалыматтар берилет.

Видео сабак даярдап жаздыруу жана аны онлайн ресурстарга жайгаштыруу, сабак жана сынактарды уюштуруу ыкмалары үйрөтүлөт. Ошондой эле сабакты кызыктуу өтүү, камеранын алдында сүйлөө эрежелери жана «storytelling» сыяктуу заманбап педагогикалык ыкмалар сунушталат.

Мындан тышкары дикция жана үндүн тембрин жакшыртуу, сүйлөө учурунда туура дем алуу, интонация боюнча көнүгүүлөр, кыргыз тилинин негизги орфоэпиялык (туура сүйлөө) эрежелери тууралуу маалымат берилет.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Кыргызстандагы мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларында жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат. Өкмөт быйыл 1-класстар гана мектепке барып окуйт деген чечим кабыл алган.

Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылы март айынан тартып онлайн форматка өткөрүлүп, аяктаган. (NT)

XS
SM
MD
LG