Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Эпидемиологиялык абал жакшырса, мектептерде окуу экинчи чейректе уланышы мүмкүн


"Алтын тамга" сынагын тапшырып жаткан окуучулар. Бишкек шаары. 18-июнь, 2020-жыл.
"Алтын тамга" сынагын тапшырып жаткан окуучулар. Бишкек шаары. 18-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстанда жаңы окуу жылында биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, экинчи чейректе мектептер толук иштей баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы онлайн брифингде билдирди.

Боронов окуу жылынын башталышы менен коомдук транспорттун иш жадыбалы кайра каралып чыгарын айтты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Кыргызстандагы мектептер, жогорку жана орто окуу жайларында жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат. Өкмөт быйыл 1-класстар гана мектепке барып окуйт деген чечим кабыл алган.

Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылы март айынан тартып онлайн форматка өткөрүлүп, аяктаган. (NT)

XS
SM
MD
LG