Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

20:43 20.9.2020

18:50 20.9.2020

Минск жана Гродно шаарларында күч кызматкерлери жүрүштүн катышуучуларын кармап кетүүдө. "Интерфакс" 20 киши кармалганын кабарлады. Минскиде Интернет өчүрүлдү.

17:16 20.9.2020

Украинанын Киев шаарында Минскидеги жүрүштү колдогон акцияда өтүүдө. Акцияга 20га жакын адам катышууда.

17:03 20.9.2020

Беларустун Борбору Минск шаарында 19-сентябрда аялдардын тилектештик маршында ОМОНдор жүздөгөн адамдарды кармады. Автозактарда аларды киргизүүгө орун да калбай калды.

Акцияга чыккандар кармала баштаганда оппозициячыл NEXTA телеграм-каналы күч органдарынын 1000 кызматкеринин аты-жөнүн жарыялады. Каналдын авторлору алардын колунда ИИМдин кызматкерлери тууралуу маалымат базасы бар экенин билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG