Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

20:25 6.9.2020

Бресттеги нааразылык акциясындагылар Геннадий Шутовду эскерүү иретинде бир мүнөт унчукпай турушту. Ал мурдагы акциялардын биринде алган жараатынан улам каза болгон.

19:14 6.9.2020
Минскидеги жүрүш: дрондон тартылган кадрлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

19:11 6.9.2020

Минскиде башкы аянттарга бара турган жолдорду күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери таң заардан эле жаап салышканына карабастан нааразылык акциясына миңдеген адамдар чыкты. "Биримдик жүрүшүндө" нааразылыкка чыккандардын эки колоннасы беттешүүдө.

18:35 6.9.2020

Брестте митингчилердин колоннасы Совет көчөсү менен Машеров проспектинин кесилишинде кайра тартууга аргасыз болду, анткени алардын жолун калканчан милиция тосуп алды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG