Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Жамгырчиев: Вуфули менен "Исмаил атанын" акча которуу боюнча байланышы бар


Эмил Жамгырчиев/
Эмил Жамгырчиев/

18-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиевден "Исмаил Матраимов атындагы фондго" 200 миң долларды ким жана эмнеге которгонун сурады. Депутат мамлекеттик мекеменин өкүлүнөн фонддун ээси менен акча которгон кишинин кандай байланышы бардыгын кайра-кайра тактады.

Жамгырчиев "Вуфули (Айеркен Саймаитинин жубайы - ред.) менен "Исмаил атанын" бир гана ушул акча которуу боюнча байланышы бар. Бирок акча негизинен ошол түрк жаранынан келген. Бирок Вуфулинин счету аркылуу" - деп түшүндүрдү.

Депутат Бекешев "200 миң доллар тааныш эмес кишиге береби? Ушундай факт бир жерден уктуңарбы?" - деп сурады.

"Жөн которулган эмес, бул жардам катары которулган", - деп жооп берди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары.

Жогорку Кеңеш 18-июндагы сессиясында Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды. Бул боюнча токтом долбооруна 72 депутат "макул" деп добуш берди, бирөө каршы болду.

Корутундуну комиссиянын төрагасы, депутат Талантбек Мамытов окуп берди. Ал өз сөзүндө комиссия «сыртка чыгарылган 932 миллион доллардын Кыргызстанга тиешеси жок, кыргызстандык жана чет өлкөлүк, Өзбекстан Республикасындагы «Абу-Сахи» базарындагы жеке ишкерлердин каражаты» деген бүтүмгө келгенин айтты.

Депутаттар Рыскелди Момбеков менен Дастан Бекешев корутундуга сын айтып, кошумча суроолорду узатышты. Эл өкүлдөрү Тынчтыкбек Шайназаров, Бактыбек Сыдыков, Мирлан Бакиров жана башкалар комиссиянын тыянагын кубатташты.

Жогорку Кеңеш былтыр Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген. Комиссиянын корутундусу менен макул болбогондуктан депутат Мирлан Жээнчороевдин 17-июнда андан чыгып кеткен.

Сессиянын жүрүшүндө корутундуга комиссиянын тогуз мүчөсү кол койгону айтылды.

Депутаттык комиссия Саймаитини Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана анын «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеди.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) чыгарылган акчанын суммасы 932 миллион доллар экенин маалымдаган.

2-июндагы жыйында УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Депутаттарга «Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн.

Алардын бири - Жазык кодексинин "мыйзамсыз баюу", "кызматынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып камакта отурган мурдагы консул Эркин Сопоков.

УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчилиги муну «журналисттерди каралоо» деп баалаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG