19-майга карата дүйнөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 5 миллионго жакындады. Каза болгондор - 320,181 киши. Ал эми эки миллионго жакын адам оорудан сакайып чыккан. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялагандан бери көпчүлүк өлкөлөр карантин шартында жашап жатат.
COVID-19 дүйнөдө нааразылыкты күчөттү
Дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерде коронавирус пандемиясынын улам киргизилген карантинге нааразылыктар күчөп жатат. Айрым өлкөлөрдө киргизилген өзгөчө абалга карабай митингге чыккандар болууда. Алар карантиндин шарттарын талап кылышууда.