АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин ооруканасынын адистери коронавирус жуккан бейтаптын өпкөсүнүн сүрөтүн атайын программага салып, виртуалдык реалдуулукта карап чыгышкан. Анда өпкөнүн SARS-CoV-2 вирусунан сезгенген жана таза бөлүгү бири-биринен кескин айырмаланат.