Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Министрлик: донорлор азайганы менен кан жетиштүү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кан тапшырган донорлор кескин азайып кеткени менен кан борборлорунда жетиштүү кан жана препараттар бар экенин билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ушу тапта өлкөдө бардык кан борборлору дем алышсыз иштеп, медициналык мекемелерди кан менен толук камсыз кылып жатат.

Коронавирустан улам бир катар аймактарда киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу донорлорду кан борборлорунун атайын автоунаалары менен ташып жаткан экен. Ошондой эле ар дайым кан тапшырып турган кишилерди санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өткөрүү иши уюштурулган.

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абалдын чектөөлөрүнөн улам Бишкектеги Кан борборуна барып кан тапшырган донорлор он эсе азайып кеткени белгилүү болгон. Аталган борбордун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева мурда күн сайын 100-150 донор келип турса, азыр 15-20 кишиге чейин азайганын айткан.

Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелде өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Президенттин 14-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизилип, аймакта өзүнчө комендатура түзүлдү. (BTo)

XS
SM
MD
LG