Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Кан тапшырган донорлор дээрлик он эсе азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абалдын чектөөлөрүнөн улам Бишкектеги Кан борборуна барып кан тапшырган донорлор кескин азайып кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» борбордун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева билдирди.

Анын айтымында, мурда пландалган операциялардын көбүнүн мөөнөтү жылганы менен түрдүү кырсыкка кабылган же төрөттөн кансыраган, онкологиялык дартка чалдыккан адамдардын саны адатта 100дүн тегерегинде болуп турат. Плазманын запасы жетиштүү, бирок эритроциттерге муктаждык бар.

«Мурда күн сайын 100-150 донор келип турган болсо, азыр 15-20 болуп жатат. Аларды да, өзүбүздүн дайым келип турчу донорлорубузду да чакыруу кагазы менен, машине жөнөтүп, өткөрмө менен чакыртып жатабыз. Жаңы тоңдурулган плазма толук бар, бирок эритроциттер, албетте, мурдагыдан аз», - деди ал.

Сатыбалдиева мүмкүнчүлүгү барларды борборго келип, кан тапшырууга чакырды. Ошону менен катар ал мекемеде санитардык бардык талаптар сакталганын кошумчалады.

25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланып, адамдардын жана транспорттун кыймылына чектөө киргизилген. Бул мөөнөт 30-апрелге чейин узартылды. (RK)

XS
SM
MD
LG