Жогорку сот Аскаровдун ишин карап баштады
Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 6-апрелде улантмай болду. Буга 25-февралдагы алгачкы сот отурумунда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен, иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиргени себеп болду. Укук коргоочунун Жогорку соттогу алгачкы отурумуна эл аралык укук коргоо уюмдарынын, элчиликтердин өкүлдөрү да келди. Сот залына журналисттер киргизилген жок. Муну Жогорку соттун кызматкерлери залдын тардыгы менен түшүндүрүштү.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 05, 2025"Нью-Йорк - иммигранттардын шаары". Жаңы мэрдин жеңиши
-
Ноябрь 05, 2025Кар жаады, жол тайгак, "чексиз тариф"
-
Ноябрь 05, 2025Айзиректин ишин Ош облустук соту карап жатат
-
Ноябрь 04, 2025Орусиянын аскерлери Покровск шаарын курчап алды
-
Ноябрь 04, 2025Доха: Бишкек палестин элине тилектештик билдирди