Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Таласта кармалган илбирсти Бишкекке алып келишти


Ак илбирс. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок
Ак илбирс. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок

Таласта айылга түшкөн маалда жергиликтүү тургундар кармап алган ак илбирс Бишкекке алып келинди.

Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ак илбирс Бишкектеги Кыргыз Агрардык университетинин ветеринардык клиникасына жайгаштырылып, текшерилип жатат. Анын ок жеп, жарадар болгону аныкталса дарыланмакчы.

Буга чейин Интернетте Таластагы Көк-Ой айылында бактын башына чыгып кеткен ак илбирсти жергиликтүү тургундар кармап жаткан видео тараган. Анда ак илбирс жарадар болушу мүмкүн экени айтылган.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.(BkA/ZA)

XS
SM
MD
LG