4-9-декабрь, 2019-жыл.
Желим баштык кийген мигрант
Өткөн аптада дүйнөдө болуп өткөн орчундуу окуялардын сүрөттө калган ирмемдери.

1
Босния жана Герцеговинанын Вучжак качкындар лагеринде жаандан коргонуу үчүн желим баштык кийип турган мигрант.

2
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Канпур көлмөсүндө суу каштанынын жалбырагын чогултуп жаткан жумушчулар.

3
Кытай элдик-боштондук армиясынын аскери Шинжаң-Уйгур автономдуу районундагы аскердик окуу-машыгуу учурунда күйүп турган алкактын ичинен секирип өтүп жаткан учуру.

4
Индиянын аскер кемечилери Мумбайдагы аскер күнүн майрамдоо салтанатына катышып жатат.

5
Украиналык өрт өчүргүчтөр Одессанын борборундагы колледждин чатырын каптаган өрттү өчүрүүгө аракет кылышууда.

6
Лахор шаарындагы Рави дарыясынын боюнда топтолуп турган суу топоздорунун жанында ойноп жаткан балдар. Пакистан.

7
Филиппиндеги Легаспи дамбасынын жанынан велосипедде өтүп бара жаткан киши. Өткөн дүйшөмбүдө Каммури тайфуну Түштүк-Чыгыш Азия аймагынын бир катар жээктерин каптап, бир нече аэропорттор убактылуу жабылган.

8
Амур дарыясынын муз тоңгон суусуна түшүп жаткан сууда сүзүүчү. Благовещенске, Орусия.

9
Непалдагы Гадимай майрамына карата малды курмандыкка чалууга даярданып жаткан касапчы.

10
Ооганстандык чай сатуучу Кабулдагы базарда.