Адилет министрлигинен 2019-жылдын октябрында кайра каттоодон өткөн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставында аялдар менен иштөө багыты камтылбай калды. “Мутакаллим” коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы муфтиятта атайын бөлум ачууну көптөн бери айтып жүргөн эле.