Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:15

ТИМ: Кыргызстан Тажикстандын чек ара бекетине кол салууну айыптайт


6-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Айдарбеков тажик - өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Султанабад» чек ара отрядынын №4 «Ишкобод» чек ара заставасына куралдуу топтун кол салуусуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

“Кыргыз тарап мындай актыларды айыптайт жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу максатында региондун өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттерине бекем колдоо билдирет” деп айтылат Кыргызстандын тышкы мекемеси тараткан маалыматта.

Өлкөнүн башкы дипломаты каза болгон тажикстандык аскер кызматчылардын жакындарына көңүл айтты.

6-ноябрга оогон түнү Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы чек ара бекетке куралдуу кол салуу болду. Андан бир чек арачы жана милиция кызматкери каза таап, 15 согушкер жок кылынды жана дагы бешөө колго түшүрүлдү. Тажик бийлиги «Ишкобод» заставасына жасалган чабуулга «Ислам мамлекети» террордук уюмунун тиешеси бар деп билдирди. Бирок экстремисттик уюм чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Тажикстандын чек ара кызматы куралдуу топ Ооганстан тараптан өлкө аймагына 3-ноябрда мыйзамсыз өтүп келип, 6-ноябрга караган түнү чек ара бекетине кол салганын билдирди. Бул туурасында колго түшкөн жоочуларды суракка алган учурда белгилүү болгон. Чек ара бекети Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым алыстыкта, Өзбекстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан.

Кол салуу Тажикстан Конституция күнүн белгилеп жаткан учурда жана президент Эмомали Рахмон Европада расмий сапары менен жүргөн маалда болду.

XS
SM
MD
LG