Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Украина өлкө чыгышындагы аскерлерин чыгара баштады


Золотое шаарчасында беш жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен кармашып келген украин аскерлерин чыгарып кетүү башталды.
Золотое шаарчасында беш жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен кармашып келген украин аскерлерин чыгарып кетүү башталды.

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко Луганск облусундагы Золотое шаарчасындагы беш жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен кармашып келген украин аскерлерин чыгарып кетүү иши башталганын билдирди. Аталган аймактан жикчилдер да өз күчтөрүн алып кетип жатат.

Быйыл президенттик кызматына киришкен мамлекет башчы Владимир Зеленский өлкө чыгышындагы жаңжалга чекит коюуга убада берип, октябрдын башында эл аралык коомчулукта «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанылган документти ишке ашыруу зарыл экенин билдирген.

Киев, Москва жана ЕККУ эл аралык коомчулукта «Штайнмайер формуласы» деген ат менен белгилүү болгон документке 1-октябрда кол койгон. Ага ылайык, өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» («ДНР» жана «ЛНР») деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина чыгышындагы Орусия менен чек арасын толук өзү көзөмөлдөйт.

«Штайнмайер формуласы» деп аталган документти Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуш кылган. Орусия документти макулдашуу болсо гана Франциянын, Германиянын, Украинанын жана Орусиянын лидерлери катыша турган «Норманд форматындагы» жолугушууга барарын билдирген.

Тышкы иштер министри Вадим Пристайко Орусиянын, Украинанын, Франциянын жана Германиянын лидерлери катышкан «Норманд форматындагы» сүйлөшүү ноябрда өтөт деген үмүтүн билдирди.

Украинанын чыгышында 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG