Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Түндүк Корея эки ракетасын деңизде сынады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-августтун таңында Пхеньян асманга эки атуучу куралын Жапон деңизине карай чыгарып, дагы сыноо өткөрдү.

Түштүк Кореянын Колбашчылар штабынын бириккен комитети кабарлагандай, ракеталар Түндүк Кореянын Кангвон провинциясынын Тончон шаарынан атылды. “Аскерлер кошумча атуулар болсо кырдаалга даярдык абалында көз салып турушат” деп кабарлайт аталган комитет.

Ракеталардын атылганын расмий Пхеньян ырастай элек.

АКШнын президенти Дональд Трамп алыскы жана жакынкы аралыктагы баллистикалык ракеталарды атуу ал Ким Чен Ын менен түзгөн макулдашууну бузбай турганын буга чейин билдирген. 9-августта Трамп түндүккореялык кызматташы Кимден “өтө чырайлуу кат” алганын жана ал бул өлкөнүн лидери менен үчүнчү саммитте дагы жолугушу мүмкүн экенин айткан.

“Өзүңөр билгендей, мага эч качан аскердик оюндар жаккан эмес. Мен эч качан ага фанат болгон эмесмин. Эмне үчүн билесиңерби? Ал үчүн төлөө мага жакпайт" деген Трамп.

25-июлда Пхеньян Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын июндагы жолугушуусунан кийин биринчи жолу ракетасын сынаган. Пхеньян андан бери дагы бир нече жолу ракеталарын атты. Эки Кореяны бөлгөн тилкеде кездешкен жетекчилер өзөктүк куралдан арылуу тууралуу сүйлөшүүнү кайра улантууну макулдашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG