Жол кыймылын жайгарган ыктыярчы Мухтар
Бишкек шаарынын тургуну Мухтар Мулла-Ахунов "Тез жардам" бекетинин жанынан өткөн жолдогу башаламан авто кыймылын ыктыярдуу түрдө эле жайгарууну өз колуна алган. Айдоочулардын, жөө жүргөндөрдүн көңүлүн көтөрүп, тазалыкка да көз салган ыктыярчы “эмне үчүн айдоочулар форманы көрсө гана тартип сактап калат?” деп суроо салат.