Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:20

Нарында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун алты мүчөсү кармалды (видео)


Ат-Башы районунда кармалган адамдардын үйүнөн алынган материалдар.
Ат-Башы районунда кармалган адамдардын үйүнөн алынган материалдар.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун алты мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Тинтүү учурунда алардын үйүнөн ок атуучу куралдар, ок-дары, аталган уюмга тиешелүү китептер, баракчалар, ноутбук, телефон жана сим-карталар алынды.

Операцияны атайын кызмат Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери менен чогуу жүргүзгөн.

Факт боюнча материалдар Жазык кодексинин 314-беренесинин («Экстремисттик уюмду түзүү») 2-бөлүгүнүн негизинде соттук өндүрүшкө алынып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталды. Кармалгандар Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG