Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти, маркум Нельсон Мандела тарткан сүрөт 2-майда Нью-Йорктогу аукциондо 112 миң 575 долларга сатылды. 2002-жылы тартылып бүткөн "Абактын эшиги" аттуу бул сүрөт эң жакшы дегенде 90 миң долларга сатылары күтүлүп жаткан.
Роббенэйленддеги түрмөнүн эшигин чагылдырган бул сүрөттү Мандела 1998-жылы президенттик кызматтан кеткенден кийин тартып баштаган.
Апартеидге каршы күрөшү менен дүйнөгө таанылган түштүк африкалык лидер абактагы 27 жылынын 18 жылын дал ушул түрмөдө өткөргөн.
Мандела 2013-жылы көзү өткөнгө чейин "Абактын эшиги" сыяктуу бир нече сүрөттү тарткан.
Мандела тарткан сүрөт Нью-Йорктогу аукциондо сатылды
