Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Акимдердин ыйгарым укуктары көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Бул тууралуу, бүгүн 23-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы өкмөттүн былтыркы иши тууралуу маалымат берип жатып, мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди:

- Аймактарды өнүктүрүү жылында өзгөчө жергиликтүү бийликте «акимдердин укуктары жетишсиз, мүмкүнчүлүктөрү жок» деген маселе көтөрүлгөн. Ошондуктан мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке түштү. Өкмөт бул мыйзамды аягына чыгарыш үчүн депутаттар менен конструктивдүү иш алып барууга даяр.

Абылгазиев райондордун өнүгүшү үчүн акимдердин жоопкерчилигин күчөтүп, алардын ишмердүүлүгүн баалоо боюнча комплекстүү системаны иштеп чыгуу азыркы өкмөттүн позициясы экенин белгиледи.

Акимдердин бийлигин көбөйтүү боюнча маселе көптөн бери көтөрүлүп келет. Конституциянын 113-беренесинде «мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укугу жок» деп жазылып турат.

27-февралда өткөн форумда президент Сооронбай Жээнбеков Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекс кабыл алынышы керек экенин айткан. Адистер бул кодекс кабыл алынып калса, мэриялар менен айыл өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктары боюнча көп маселелерди чечсе боло турганын белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG