Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Өкмөт башчы: «Кыргызмунайгаз» боюнча туура чечим кабыл алынды


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев орусиялык «Газпром» ишканасына «Кыргызмунайгаз» компаниясын сатуунун шарттарын караган жол картасына байланыштуу өз оюн айтты. Абылгазиев өкмөттүн бүгүнкү жыйынында бул туура чечим болгонун билдирди:

- «Кыргызмунайгазды» көрүнгөн жеринен чычкан тешкендей тешип жатышат. Бул ишкана дүйнөлүк стандартка жооп бербейт. Аны баары билишет. «Кыргызмунайгазда» иштеген кызматкерлер мага ««Газпром» компаниясы менен келишим түзгөнүңөр жакшы болот» деп жазып жатышат. Муну ишкананын ишин, тарыхын билген адамдар жазып жатат. Мен бул абдан туура иш болду деп ойлойм.

Өткөн аптада Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын катышуусунда эки тараптуу кол коюлган документтердин арасында «Мунайгаз тармагына жумшалуучу инвестиялар боюнча жол картасы» бекитилген.

Анда «Кыргызмунайгаз» компаниясынын активдерин жана мүлкүн «Газпромго» берүүнүн шарттары көрсөтүлгөн. Ага Орусиянын «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон. Бирок өкмөт «Кыргызмунайгаздын» активдери орусиялык «Газпромго» кандай шарттар менен берилип жатканын азырынча түшүндүрө элек.

Кочкор-Атадагы «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коомунун айрым акционерлери «өкмөт келечектүү жана ири киреше берип жаткан ишкананы сатып жатат» деп, буга каршы чыгарын билдиришти. (BTo)

XS
SM
MD
LG