Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:28

Сооронбай Жээнбеков: тарыхый окуялардан сабак алалы


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-март окуясы боюнча элге кайрылуу жолдоду. Президенттин кайрылуусунда «бийлик, коомчулук Аксы, март, апрель окуяларынан сабак алышы керек жана үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол берилбейт» деп айтылат.

Ошондой эле Жээнбеков 24-мартты эркин мамлекет, адилеттүү коом үчүн, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жана коррупцияга каршы чыккан кыргыз элинин тарыхый күнү деп белгилеген. Президент март ыңкылабы өз максатына жетпей калды деп эсептейт.

Кыргызстандын саясий тарыхында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 14 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта нааразычылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган.

Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG