"Ыңгайсыз суроолор": жыл жыйынтыгы
2018-жылы "Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы жалпысынан элүүгө жакын берүүсүн элге тартуулады. Анда Кыргызстандагы саясий, коомдук темаларды ар тараптан талдап, иликтеп, бейтарап чагылдырып берди. Айрыкча өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү, кылмыштын көмүскө фактыларын ачыктап, айрым иликтөөлөр коомчулукта резонанс жаратып, ал окуяларга укук коргоо органдары реакция кылышты. 2018-жылы “Ыңгайсыз суроолор” программасынын башкы иликтөөчү журналисти, кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин арабыздан кетиши эң оор жоготуу болду. Чыгаан журналист, көптөгөн курч иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта мезгилсиз кайтыш болду.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт