Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өкмөт башчылары жана парламент төрагаларын чогултуп, Кыргызстандагы саясий кырдаалды талкуулады. Президенттин бул кадамы чын эле кыргыз коомчулугун, анын ичинде саясий күчтөрдү бириктирип, өнүгүүгө карай багыт алуу максатыбы же экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен убактылуу коргонуу аракетиби? Мурдагы жана азыркы президенттер, бийлик сересиндегилер, саясий күчтөр жеке кызыкчылыктардан өйдө көтөрүлүп, мамлекеттик деңгээлде ойлоно турган күн жакынбы? Студиянын бүгүнкү коноктору - коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Рита Борбукеева жана Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова.
Президент экстерди чогултту: кийинки кадам кандай?
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт