Ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы спорттук таймаштардан тартылган Гүлжан Турдубаеванын сүрөттөрү.
ДКО-2018: Көчмөндөрдүн таймашы
![Күрөштүн бул түрүнөн 14 өлкөдөн 14 спортчу катышты. Таймаштардын жыйынтыгында алтын медалды монголиялык Дорж Анар тагынса, күмүш байге кытайлык Алатансухга буюрду. 3-орунду кыргызстандык Уларбек Күрүчбек уулу жана орусиялык Айдын Монгуш ээледи.](https://gdb.rferl.org/9ae10ecf-6183-4fb3-b6ad-d9a40a7cc62e_w1024_q10_s.jpg)
41
Күрөштүн бул түрүнөн 14 өлкөдөн 14 спортчу катышты. Таймаштардын жыйынтыгында алтын медалды монголиялык Дорж Анар тагынса, күмүш байге кытайлык Алатансухга буюрду. 3-орунду кыргызстандык Уларбек Күрүчбек уулу жана орусиялык Айдын Монгуш ээледи.
![Мелдештин байге фонду 140 миң сомду түздү. Алтын медал ээсине 70 миң сом, күмүш байге алган балбан 35 миң сом, коло байге ээлери 17 500 сомдон акчалай сыйлык алышты.](https://gdb.rferl.org/d3b44794-a1fc-4dd9-9b48-39d5204a740b_w1024_q10_s.jpg)
42
Мелдештин байге фонду 140 миң сомду түздү. Алтын медал ээсине 70 миң сом, күмүш байге алган балбан 35 миң сом, коло байге ээлери 17 500 сомдон акчалай сыйлык алышты.
![Монголиялык балбан Дорж Анар менен кытайлык Алатансухтун алтын байге үчүн күрөшү.](https://gdb.rferl.org/3f25bedf-7ace-4803-a56f-6ce76b80752e_w1024_q10_s.jpg)
43
Монголиялык балбан Дорж Анар менен кытайлык Алатансухтун алтын байге үчүн күрөшү.
![2-сентябрда башталган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага жетимиштей өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрүнөн күч сынашат. Жалпысынан 594 медал ойнолот. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген.](https://gdb.rferl.org/8c3e1f63-1220-4876-b792-c59eee9f62fd_w1024_q10_s.jpg)
44
2-сентябрда башталган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага жетимиштей өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрүнөн күч сынашат. Жалпысынан 594 медал ойнолот. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген.