Зимбабведе өлкөнү 37 жыл башкарган Роберт Мугабе кызматтан кеткенден кийинки биринчи президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы белгилүү болду. Ага ылайык, Мугабенин ордуна келген 75 жаштагы азыркы президент Эммерсон Мнангагва жеңүүчү деп жарыяланды.
Зимбабвенин шайлоо комиссиясы 3-августта билдиргендей, Мнангагва жалпы добуштардын 50,8 пайызына, анын атаандашы, оппозициядагы "Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн кыймылынын" 40 жаштагы лидери Нельсон Чамиза 44,3 пайызына ээ болду.
30-июлдагы шайлоо тынч өткөнү менен добуш саноо процесси нааразылык акциялары менен коштолду. Хараре шаарында Мнангагванын каршылаштары добуштар бурмаланганын айтып, көчөгө чыгышты. Митингчилер менен аскерлердин кагылышуусунан кеминде алты киши каза тапты.
94 жаштагы Роберт Мугабе Зимбабве 1980-жылы эгемендик алгандан бери бийликтен түшпөй келип, өткөн жылы армиянын кысымынан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.