Депутаттар Текебаевдин маселесин көтөрүштү
Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынын өкүлдөрү жана депутат Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга көңүл бурууну соттон талап кылууда. Депутаттар Текебаевдин күнөөсү жок экенин көрсөткөн беш жагдай бар экенин белгилеп, соттон ошол жагдайларга көңүл бурууну суранышмакчы. "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлардын арасында негизги арыз берген Маевскийдин көрсөтмөлөрүн төгүнгө чыгарган маалыматтар бар экенин билдирди. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "Орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Чыгарылыштар
-
Март 01, 2026Жапаров-Ташиев тандеми эмнеден бузулду?
-
Февраль 27, 2026“Төрөгөнүмө төрт күн болгондо ишке чыктым”. Бишкекти аралаган курьер
-
Февраль 27, 2026Ишкер Имамидин Ташовдун иши райондук сотко кайтарылды
-
Февраль 26, 2026Дэвид О'Салливан: Бишкекке санкция тууралуу сүйлөшкөнү келдим
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды
-
Февраль 25, 2026"Баткендеги болгон мүлкүмдү алып койгон". Адилеттик издеген ишкерлер