Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыярлары менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейинки такталган маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражат, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет. "Азаттык" Кыргызстандын борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүндө сакталган 1941-1945-жылдардагы фронттогу турмушту баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.
Жеңиштин сыры биримдикте болгон
Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым. 160 миңден ашуун жоокер курман болгон.

21
Колхоздун инструкторлору, биринчи катарда комсомол Күлбара Айдарбаева

22
Кыргызстан 360 миңден ашуун жаранын же ар бир төртүнчү кишини армияга жөнөткөн. Ошондой эле 300 миңден ашуун адамды кабыл алган.

23
Аскерлер мылтыктан атканды үйрөнүүдө. 1943-жыл, Фрунзе

24

25
Аскерлерге чолок тон тигилип жатат. "Кара-Курат" артели, Фрунзе, 1941-жыл

26
Орукта жумушчулары пулёмотту үйрөнүп жатышат. 1942-жыл, Фрунзе

27
Инструктор-учкуч Касым Ормокоев. 1941-жыл

28
№5 мектептин окуучулары география сабагында, 1943-жыл, Фрунзе

29
9-май, 1945-жыл. Прага.