Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар 25-мартта Нооруз майрамын белгилешти. Быйыл бул майрамды алгачкы жолу ал жакта билим алып жаткан студенттер уюштурушту. Баш калаа Сеулда өткөн иш-чарада боз үй тигилип, улуттук, спорттук, интеллектуалдык оюн-зооктор уюштурулуп, улуттук тамак-аштар да даярдалды.
Түштүк Кореядагы кыргыздар Ноорузду белгилешти
Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын 25-мартта белгилешти. Быйыл бул майрамды алгачкы жолу ал жакта билим алып жаткан студенттер уюштурушту. Баш калаа Сеулда өткөн иш-чарада боз үй тигилип, спорттук, интеллектуалдык улуттук оюн-зооктор уюштурулуп, тамак-аштар да даярдалды.
1
Түштүк Кореяда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер уюштурган майрамга Кыргызстандын бул мамлекеттеги элчилиги жана ишкерлер колдоо көрсөтүштү.
2
Иш-чарада кыргыз ыр-күүлөрү жаңырып, ар-кандай оюн-зооктор уюштурулду.
3
Түштүк Кореядагы кыргыздардын жалпы саны бейрасмий маалыматтар боюнча үч миңден-беш миңге чейин. Алардын 300дөйүн студенттер түзөт.
4
Нооруздагы таймаштардын бири.
5
Кыргызстандык студенттер Сеулда.
6
Сеулда өткөн иш-чарада тигилген боз үй.
7
Майрамдык дасторкон.
8
Майрамдык салтанатка элчи Кылычбек Султан катышты.
9