Учак кырсыгынын курмандыктарына эстелик тургузулду
Эстеликтин ачылышына президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев баш болгон жогорку кызмат адамдары, өкмөт мүчөлөрү, кырсыкта набыт кеткендердин жакындары, коомчулук өкүлдөрү катышты. Былтыр 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда, Гонконг –Бишкек- Стамбул багытында учуп бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюу үчүн конуп жатканы айтылган.
Чыгарылыштар
-
Апрель 05, 2026"Тарбия бербесек түрмөбүз чоң, милиция көп болот"
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
-
Март 05, 2026Ажиев абактан тик учак менен чыкты