Томск: ОМОН мигранттарды кууп таратты
Орусиянын Томск шаарында ОМОН жана Улуттук гвардия миграция борборунун жанында кезекте турган адамдарды кууп таркатты. Күбөлөр полиция электрошокер колдонгонун айтып беришти. Орусияда убактылуу жашоого уруксат алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар үч күн мурун эле кезекке тура башташкан. Активисттер 800 кишинин тизмесин түзүп, адамдар күнүгө келип катталып турушкан. Бирок бүгүн миграция борборунун жанына эки миңге чукул киши келген. Адамдын көптүгүнөн тыгылыш пайда болгон. Натыйжада борборго тартип коргоочулар жөнөтүлгөн. Быйылтан тартып Орусия убактылуу жашоого берилчү уруксатка квотаны кыскартты. Эми мурдагыдан 20 миңге аз уруксат берилмекчи. Томск облусуна миң орун гана каралган.
Чыгарылыштар
-
Апрель 08, 2026"Апамдын сөөгүн Түркиядагы токойдон таптык"
-
Март 11, 2026Вандык кыргыздар: Памирден уланган мурас
-
Март 04, 2026Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын абалы
-
Март 02, 2026“Кыргызстанга кете албай жатабыз”
-
Февраль 23, 2026“Англияга бешинчи жолу жөнөдүм”. Мигранттар Британияга бет алды