Кулчулукта өткөн он эки жыл
Казакстанда 12 жыл кулчулукта жүрүп, качып келген үй-бүлө учурунда аларды алдап, сатып жиберген жакын тууганын соттон куткарып калды. Тосмо арыз жазып берген үй-бүлө бул үчүн болгону 30 миң сом алган. Жол азабын тартып, аз жерден сууга агып кете жаздап аман калган аял ушул тапта балдары менен Оштогу бир тууган агасынын үйүндө баш калкалоодо. Мекенине жаз айларында келген үй-бүлөнүн чоо-жайын кабарчыбыз Ыдырыс Исаков айтып берет.