Симферополдо кармалган крым татар саясатчысы бошотулду (тасма)
Крымдын борбору Симферопол (крым татарча Ак-Мечит, Ак-Месчит) шаарында эртең менен кармалган беш крым татар саясатчысынын бири Куртсеит Абдуллаев боштондукка чыкты. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы каратып алынган Крым жарым аралында 23-ноябрда кылмыш иш ачып, ага ылайык Симферопол шаарында Бекир Дегерменжи, Асан Чапух, Кязим Аметов, Куртсеит Абдуллаев жана Руслан Трубач кармалган. Аларды кармоо маалында окуя болгон жерде болгон 83 жаштагы Вежие Кашка айым өзүн начар сезип, аны тез жардам унаасы ооруканага алып бара жатканда көз жумган.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 26, 2024
Израил жана "Хезболла» элдешүүгө бет алдыбы?
-
Ноябрь 26, 2024
Европарламент абактагы Султанбековдун абалына тынчсызданууда
-
Ноябрь 26, 2024
Бишкек шаардык сотунда төрт журналисттин иши карала баштады
-
Ноябрь 25, 2024
Жалал-Абадда эки сот, Ноокатта алты милиция кызматкери кармалды
-
Ноябрь 25, 2024
"Акын жана өкүм". Олжобай Шакирдин абакта жазган ырлары