Шайлоо: байкоочулардын так саны белгисиз
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү күнгө карата президенттик шайлоого көз салчу 700дөн ашуун эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Каттоо добуш берүүгө үч күн калганда аяктайт жана эл аралык байкоочулардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн. Айрым талапкерлер жана укук коргоочулар бул жолку шайлоого тыкыр көз салуу керек дешет.