Исаевдин камалышы, Бабановдун билдирүүсү
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Бишкекте билдирүү жасап, депутат Канатбек Исаев аны колдоп чыкпаганда кармалмак эмес деген оюн айтты. "Депутат Канатбек Исаев 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен 30-сентябрда кармалган.