Парламент үгүттөгү калпыстыкты талкуулады
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо алдындагы абалды талкуулады. Жыйында депутаттар үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө административдик ресурс колдонуу, добуштарды сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер катталып жатканын билдиришти. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, административдик ресурс, добуш сатып алуу жана таза шайлоо. Мына ушул сөздөр 28-сентябрь күнү шайлоо алдындагы абалды талкуулаган парламент жыйынында эң көп айтылды.