БШК мүчөсү: ИИМ шайлоого кайдыгер кароодо
Ички иштер министрлиги алдыдагы президенттик шайлоону уюштуруудагы коопсуздук маселесине кайдыгер мамиле кылып жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы өткөргөн 26-сентябрдагы жыйында билдирди. Ички иштер министрлиги бул дооматты четке кагып, мыйзамга шайкеш тиешелүү иштер аткарылып жатканын белгиледи.