Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян облустарынын чектешкен аймагындагы "Достук" мамлекеттик чек ара бекети 6-сентябрда ачылгандан бери эки жакка каттаган жарандардын саны үч миңге жакындады. Мындан жети жыл мурун жабылган чек арадан өтө албай, бири-бирин көрүүгө зар болгон туугандардын каттамы күч алды.
"Достук" чек ара бекети бүгүн
 
1
 
2
 
3
Минажат беш жылдан бери Кыргызстанда жашайт. Кыргызстандын жараны болгону үчүн төрт баласы менен Өзбекстандан беш жыл мурун чыгарылган. Ал жерде аргасыздан ажырап калган жубайын көрүү үчүн ашыгууда.
 
4
Минажаттын жашы алтыга келген уулу Суннатилла Өзбекстанда калган атасын эс тартканы көрө элек. Таанышууну чыдамсыздык менен күтүп атат.
 
5
 
6
Чоң адамдардын арасында тыгында турган өспүрүмдөр көп.
 
7
 
8
Курагы жетимишке жакындаган Гүлайым азыр туугандарына жөө баратат, кийинки жолу машинеси менен барууга кыялданууда.
 
9
 
10
"Достуктун" жанында соода да кызыды
 
11
 
12
 
13
Акча алмаштыруучу жайларга өзгөчө жан кирди.
 
14
 
15
 
16
 
17
 
18
 
19
 
20
 
 
 
