Бишкекте Үркүн курмандыктары эскерилди
Улуттук китепканада 1916-жылдагы көтөрүлүш курмандыктарынын элесине арналган “Тарыхтын эскирбес тагы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө ачылды. “Ашар” кыймылы Боом капчыгайында, “Кыргыз Эл” коомдук уюму Бишкектин Түштүк дарбазасына коюлган айкелдин жанында кандуу окуяны эскерип, митинг-реквием өткөрүштү. Жыйында айрым катышуучулар 1916-жыл окуясын эскерүүгө коомчулук кайдыгер деген пикирлерин айтып, ошондуктан бул окуяны кийинки муун өкүлдөрүнө жеткирүү иштери жеткиликтүү жүрбөй жатканын белгилешти.
Чыгарылыштар
-
Август 12, 2026Мадыген - байыркы дүйнөнүн архиви
-
Август 06, 2026Үркүндү эскерүү: Кадыр мерген кантип жол тоскон?
-
Июль 15, 2026Репрессия: үч мерте жазаланган Жанузактын уулдары
-
Май 31, 2026Алымкул аталыктын тарыхтагы орду кандай болгон?
-
Апрель 26, 2026Төрөкул Жанузаков. Боштондукка арналган өмүр