Кыргыз жеринде балдардын эл аралык этнокарнавалы башталды
Бишкекте 14-июлда балдардын “Ысык-Көл досторун чакырат-2017” эл аралык этно- карнавалы башталды. Салтанаттуу жүрүш менен башталган карнавал Ысык-Көлдө уланат. Ага Кыргызстан, Индия, Өзбекстан, Орусия, Казакстандан келген өнөрлүү 550дөн ашык бала катышат. Көл жээгинде балдар бийлөө, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо боюнча сынактарда ат салышат. Быйыл сегизинчи жолу өтүп жаткан карнавалды Билим берүү министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштуруп келет. 13-июлда башталган иш-чара 20-июлда жыйынтыкталат.
Чыгарылыштар
-
Январь 16, 2026Айдоочулук күбөлүк кандай алмашат?
-
Январь 16, 2026Бишкекте пакистандык студент өрттөн каза тапты
-
Январь 15, 2026Иран жүргүнчү учактарга аба мейкиндигин жапты
-
Январь 14, 2026АКШда каза болгон эки жигиттин жакындары жардам сурайт
-
Январь 14, 2026"Иранда кыргын болуп жатабы?"
-
Январь 13, 2026Харьков: "Новая почта" терминалы талкаланды