Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Москвада "Кыргыздар" китеби орусча жарык көрдү


Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жыйын залында. 18.4.2017.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жыйын залында. 18.4.2017.

Орусиянын борбору Москвада кыргыздардын тарыхы жана этнографиясы тууралуу баяндаган "Кыргыздар" (“Кыргызы”) китеби орус тилинде басылып чыкты.

Кыргызстандын жана Орусиянын илимдер академияларынын жана башка илимий институттарынын өкүлдөрү биргелешип жазган бул эмгектин бет ачары бүгүн саат 11:00де Бишкекте Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын имаратында өтөт.

Аны жазууга 50дөй окумуштуу катышып, долбоор Орусиянын гуманитардык илимий фондунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Професссор А.Асанканов. 25.11.2016.
Професссор А.Асанканов. 25.11.2016.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун директору Абылабек Асанканов маалымдагандай, китепте кыргыздардын этнографиясы, каада-салты, этностук тарыхы жана этносоциалдык өнүгүүсү тууралуу жаңыча баяндалат. Ал жаңы маалыматтарды, белгисиз болгон жазма булактарды, архивдик жана фото документтерди, тарыхый артефакттарды колдонуу менен жазылган.

Китеп алты жылда жазылды. Бишкекке келген алгачкы 200 нусканы китепканаларга бекер таратуу пландалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG