Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кароого киришти
Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш ишин 5-июнда кароого киришти. Айыпталуучулардын адвокаттары иш менен таанышууга толук мүмкүнчүлүк берилбегендигин жүйө кылып, кошумча убакыт берүүнү өтүнүшту. Аталган соттун ишти карап жаткан судьясы Эрнис уулу Айбек өтүнүчтү канааттандырып, жараян 8-июнда уланат деген чечим кабыл алды.