Экинчи Дүйнөлүк согуштун катышуучусу, 1910-жылы туулган Тоң районунун тургуну Кемел Сооронбаевдин сүрөттөрүн, аскердик билетин, ага кошумча документтерин жана майданда жүрүп жазган ырларын кызы Гүлжан Кемел кызы "Азаттыктын" редакциясына жөнөткөн экен. Согуштун ардагери Кемел Сооронбаев өзү 1985-жылы каза болгон. Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 363 миңден ашуун адам катышкан. Алардын 130 миңи курман болгон. Расмий эсеп боюнча 56 миң адам дайынсыз жоголгон. Анын 1395и аялдар.
Жоокердин согуштан ыр менен жазган каты

1
Кемел Сооронбаев 1936-жылы Токмоктогу айыл-чарба техникумун алгачкылардан болуп бүтүргөн жана Тоң районундагы Тоң совхозунда биринчи айдоочу болгон. Тоңдуктардын баары аны "Шоопур аке" деп аташчу. Бул автомашина ошол кездеги атактуу "Полуторка". Аны Кемел Сооронбаев 1936-жылдан 1942-жылдын май айына чейин айдаган.

2
Бул Кемел Сооронбаевдин согуш маалындагы аскердик билети. Анда "Воинский в один конец оттуда" деп жазылып турат.

3
Кемел Сооронбаев 1942-жылы майда армияга чакырылып, согушта Дон суусунун жээгинде 711-аткычтар дивизиясынын катарында аткыч болуп кызмат кылган. 1942-жылы ноябрда бутунан оор жарадар болуп, Саратов шаарында госпиталда эки ай жатып, 1943-жылдын февраль айында "согушка жараксыз" деп демобилизация болот. 1943-жылдын март айынын аягында эки ай жол жүрүп, араң үйүнө жеткен.

4
Кемел Сооронбаевдин согушка жараксыздыгын күбөлөгөн документ.

5
Бирок Сооронбаев Кыргызстанга келгенден кийин бутун чөп менен дарылап айыктырып, 1944-жылдын март айынан 1945- жылдын 1-майына чейин кайра айдоочу болуп иштеп жүргөндө экинчи жолу, 1945-жылы 9-майда согушка чакырылат. Фронтко камынып жатканда Жеңиш жарыяланып калат. Кемел Сооронбаев согуш мезгилинде алган жаракатынын кесепетинен буту кийин да ооруп жүргөн. Ошондой эле согуш жылдарындагы оор күндөрдө пайда болгон астма оорусунан улам 1985-жылы каза болот.

6
Кемел Сооронбаевдин 1942-жылы энеси Төрөкан Ачакей кызына (1864-1961) ыр менен жазып жөнөткөн каты. Энеси Төрөкан Ысык-Көлдөгү айтылуу Тилекмат акенин тун небереси болгон.

7
Согушта жүрүп жазган катын кийин кайра көчүрүп жазып койгон экен. 1969-жыл

8
Сүрөттө анын өз колу менен сүрөткө жазган латынча эскертүүсү.