Ошто террорчулукка каршы акция өттү
3-майда Ош шаарында миңге чукул адам террорчулукка каршы жөө жүрүшкө чыкты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, акциянын катышуучулары шаардагы өздөрү жашаган көчөлөрдөн чогулуп, башкы аянтка чейин басышты. Ал жерде террорчулуктун кесепеттери тууралуу баяндар жасалды. Жөө жүрүштү Ош шаарындагы аймактык кеңештер уюштурган. Ага мэриянын, социалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, жаштар катышты.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 20, 2025"Күн алыс жарык өчүүдө". Өкмөт кыш кыйын болорун эскерткен
-
Октябрь 12, 2025"Тарыхты бирөөлөрдөн уруксат сурабай жазышыбыз керек"
-
Октябрь 09, 2025Ак-Ордодогу кылмыш: Шектүү жаран эки айга камалды
-
Октябрь 08, 2025Мыйзамсыз курулуштарды бузуу убактылуу токтотулду
-
Октябрь 04, 2025Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу узарды
-
Сентябрь 27, 2025Орусияга жүк ташыган айдоочулар нааразылыгын билдирип чыгышты