Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Түштүк Кореянын президенти кызматтан алынды


Пак Кын Хе
Пак Кын Хе

Сеулда президент Пак Кын Хенин тарапкерлери Конституциялык соттун чечимине нааразылыгын билдирип чыгышты. Полиция кагылышууда эки киши набыт болгонун маалымдады. Анын алдында сот президентке импичмент жарыялоону колдоо чечимин чыгарган. Эми Пак Кын Хе сот жообуна тартылышы мүмкүн. 60 күндүн ичинде Түштүк Кореянын жаңы президенти шайланмакчы.

Маалымат агенттиктери кабарлашкандай, нааразылык акциясы учурунда набыт болгондордун бири – 72 жаштагы киши полиция автобусунун терезесинен кулап кеткен. Экинчи киши тууралуу маалымат берилген жок.

Түштүк Кореянын президентин жарга такашууда

Түштүк Кореянын президентин жарга такашууда

Түштүк Кореяда ушул дем алыш күндөрү президент Пак Кын Хенин кызматтан кетишин талап кылган төртүнчү ири нааразылык акциясы өттү.

Пак Кын Хеге колдоосун билдирип чыккандардын айрымдары тартип коргоочулар менен мушташып, Конституциялык соттун имаратын курчоого алган полиция машиналарынын үстүнө чыгып, бейбаштыкка, агрессивдүү аракеттерге жол берип жатышты.

Полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда бир нече журналист жараат алганы да маалымдалды.

Ага чейин, жума күнү Түштүк Кореянын Конституциялык соту коррупциялык жаңжалга аралашкан президент Пак Кын Хеге жарыяланган импичментти колдоо, аны бийликтен кетирүү чечимин чыгарган.

- Бул кадам Конституция үчүн эбегейсиз пайда алып келмекчи. Андыктан судьялардын бардыгы бир добуштан Пак Кын Хени президент кызматынан алуу чечимин кабыл алышты - деди Конституциялык соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Ли Чон Ми.

Өткөн декабрда парламент президентке импичмент жарыялоону колдоп добуш берген.

Түштүк Кореядагы толкундоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

Жогорку инстанциядагы сот эми мурдагы болуп калган мамлекет башчы жакын досу жана кеңешчиси Чхве Сун Силге мамлекеттик саясатка таасир этүүгө жол берип, анын коррупциялык иштерин жаап-жашыргандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты. Расмий кызмат ээлебеген Чхве Сун Сил айым президентке жакындыгы менен пайдаланып, "Самсунг" өңдүү ири корпорация, компаниялардан өзүнүн кайрымдуулук фонддоруна миллиондогон долларлык каражат өндүрүп келген. Ушу тапта анын сот процесси жүрүп жатат.

Пак Кын Хе ошондой эле кызмат абалынан кыянат пайдалануу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу үчүн айыпталып жатат.

- Конституциялык соттун чечимине макул эмеспиз. Түштүк Кореядагы демократияны колдоону уланта беребиз, - деди Сеулдагы демонстранттардын бири.

Конституциялык соттун чечими президент дароо кызматтан кетет жана сот жообуна тартылышы мүмкүн дегенди билдирет. 65 жаштагы Пак Кын Хе жогорку кызматка 2012-жылы шайланган. Экс-президент өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып келатат.

Президенттин отставкасын талап кылган массалык демонстрациялар Түштүк Кореяда бир нече аптага уланып келген.

Эми 60 күндүн ичинде кезексиз президенттик шайлоо өтүүгө тийиш.

Түштүк Кореянын президенти кызматтан алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG