Түлеевдин түйшөлткөн мүлкү
Бишкек шаарынын мурдагы мэри, абакта жазасын өтөп чыккан Нариман Түлеевдин жакындарынын мамлекетке алынат делген мүлктөрү али өкмөттүн эсебине өткөрүлбөй жатканы парламент трибунасында көтөрүлдү. Түлеевдин тарапкерлери сот өкүмүндө мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү талабы коюлган эмес деп билдирүүдө.Экс-мэрдин мүлкүнүн айланасында түзүлгөн кырдаалдын төркүнү эмнеде? Чоң кызматтагы адамдардын сот жоопкерчилигине тартылып, кайра түрдүү шарттар менен эркиндикке чыгышы коррупция менен күрөштүн жемишиби же бийликтин коррупцияга каршы күрөшүп жаткандай түр көрсөтүү аракетиби? “Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга экс-мэр Нариман Түлеев жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт