Ошто көпчүлүк калемгерлер Сулайман-Тоонун элесин жана анын фонунда калааны кагазга түшүрүүнү салт кылып алышкан. Аймактагы ар бир сүрөтчүдө сөзсүз тоо тартылган бир-эки сүрөт бар. Муну алар тоонун чыгармачыл адамдарга өзгөчө илхам тартуулаганы менен байланыштырышат.
Сулайман-Тоо калемгерлердин сүрөттөрүндө

21
Мында жалпысы 100дөн ашык сүрөтчүлөрдүн 500дөн ашык эмгектери сакталып турат. Алардын ичинде атактуу сүрөтчүлөр да бар.

22
Алардын ичинде ар кандай ыкмада, ар кандай жанрда тартылган картиналар бар.

23
Бул үч сүрөт Гапар Айтиевдин калемине таандык.

24
Жайлоодогу көрүнүштөр.

25
Портреттер.

26
Музейде мындан сырткары айкелдер да бар. Бул ырчы Рыспай Абдыкадыровдун жана коомдук ишмер Уркуя Салиевалардын бюсту.

27
Деген менен бул сүрөт музейине келгендер абдан аз. Кээ күндөрү ашып кетсе 5-10 адам келет. Көпчүлү учурда студенттер жана туристтер баш багат.

28
Исскуство өнөрчүлөрүнүн айтымында, ушу күндөрү Ошто 40ка жакын профессионал сүрөтчүлөр калган.