Түркия: терактка шектүү адам
Түркиянын полициясы Стамбулдагы кандуу кол салууга шектелген киши кыргызстандык же өзбекстандык экенин ырастай элек. Ошол эле маалда жергиликтүү маалымат каражаттары, алардын ичинде “Хүрриет” басылмасы шектүү киши 20-ноябрда Кыргызстандан Стамбулга жубайы жана эки баласы менен учуп келип, андан ары Конья шаарына барып жайгашканын жазып чыгышты.